Жаңылыктар

06.11.2024 12:06

   Кароолор: 152

ЧҮЙ: АЙДООЧУЛАРГА ЖОЛ ЖҮРҮҮДӨГҮ КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЭСКЕРТМЕЛЕР БЕРИЛДИ

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Жалал-Абад аймактарына каттаган айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн жол жүрүү коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрдү.

Бул иш-чаранын максаты – айдоочуларга кышкы жол шарттарына даярдык көрүү жана коопсуздукту камсыздоо тууралуу маанилүү маалыматтарды берүү.

Кызматкерлер айдоочуларга негизги коопсуздук эрежелерин айтып, ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу боюнча кеңеш беришти. Өзгөчө кышкы мезгилде жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу айдоочуларга унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну жана жол жүргөндө 500 метр аралыкты сактоону сунушташты.

Кышкысын жолдордун тайгалануусун жана көрүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүн эске алуу менен, айдоочуларга ылдамдыкты чектөө, кар көчкүлөрүн жана башка мүмкүн болгон кыйынчылыктарды алдын ала эсептөө жөнүндө кеңештер берилди.

Мындан тышкары, айдоочуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүргөн баракчалар таркатылып, автобекеттин жетекчилиги менен биргеликте дагы иш-чара өткөрүлдү. Бул аракеттер айдоочулардын жоопкерчилигин арттырып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу