Жаңылыктар
25.08.2023 10:37
Кароолор: 422
Чүй: "Кайыңды-Кант" заводунда өрт коопсуздугу боюнча иш-чара өттү
Бүгүн Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Панфилов району боюнча бөлүмү Өрт көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте Кайыңды шаарында жайгашкан “Кайыңды Кант” ачык акционердик ишканасында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча тушүндүрүү иш-чараларын жүргүздү.
Иш чаранын жүрүшүндө ишкананын өрт өчүрүүчү жана коопсуздук шаймандары, гидранттар, эвакуциялык пландары, иш кагаздары текшерилди.
Соңунда кемчиликтерине карата эскертүү берилип, калыбына келтирүүгө убакыт беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР