Жаңылыктар

18.04.2025 11:05

   Кароолор: 1030

ЧУ ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН 35 ЖАШТАГЫ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда.

Бүгүн, 18-апрелде жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылды.

Кошумча издөө иштерине Чек ара кызматынан 3 кызматкер, 1 дрон, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам, жалпы 35 адам, 2 дрон тартылган.

Эске салсак, 15-апрель күнү Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн. Ошол убактан бери издөө тынымсыз улантылып жатат.

Буга чейин Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу ИИМден, УКМКнын чек ара кызматынан жана туугандарынан издеп жатышкан.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу