Жаңылыктар

16.04.2025 11:40

   Кароолор: 252

ЧУ ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН 35 ЖАШТАГЫ ЭРКЕК КИШИ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында кечээ, 15-апрель күнү Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы эркек киши эки күндөн бери изделүүдө.

Издөө иштерине бүгүн ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу тартылды.

Кошумча издөө иштерине ИИМден 15 кызматкер, УКМКнын чек ара кызматынан 2 кызматкер, туугандарынан 4 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу