Жаңылыктар

10.05.2024 20:42

   Кароолор: 1118

ЧОҢ-КЕМИНДЕ СУУНУН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛҮП, ӨКМдин КУТКАРУУЧУЛАРЫ ЖЕРИНДЕ ИШ АЛЫП БАРУУДА

Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагындагы Тегирменти, Кароол-Дөбө айылдарында сайдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абал жаралгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тегирменти айылында Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана 2 экскаватор, 1 жүктөгүч иш алып барууда.

Ал эми Кароол-Дөбө айылында Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир куткаруучу жана 1 экскаватор иш алып барууда.

Саат 21:00гө карата сайдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Тегирменти айылынан жайлоого баруучу унаа жолдогу көпүрөнү алып кеткен. Жерине саат 21:00дө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу