Жаңылыктар
29.08.2024 20:56
Кароолор: 596
ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНДА ИЗДӨӨ ИШИ УЛАНУУДА
Бүгүн Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы жаранды издөөгө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу, Талас шаардык №17 ӨКБдан 5 куткаруучу жалпы 10 куткаруучу 2 кайык менен чыгышты.
Тилекке каршы жыйынтык болгон жок. Издөө иши эртең да уланат.
Эске салсак, 23-август күнү Көк-Жар айылында ЧЧКга (быстроток) 2009-ж.т. А.А. аттуу эркек түшүп кеткен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР