Жаңылыктар
01.11.2024 13:33
Кароолор: 427
ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНАН 59 ЖАШТАГЫ ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Бишкек шаарынын Свердлов районунда 20-октябрь күнү, 59 жаштагы М.А. аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Кечээ, 31-октябрь күнү дайынсыз болгон жарандын кызынын кайрылуу катынын негизинде жеринде издөө иши башталып, ӨКМдин 7 куткаруучусу тартылган.
Дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калгандыгы аныкталгандыгын жакындары билдирген. Ага ылайык издөө сууда кайык менен жүрүүдө.
Жеринде Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын 7 куткаруучусу иш алып барууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР