Жаңылыктар

04.07.2025 22:04

   Кароолор: 276

ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНАН 50 ЖАШТАГЫ ЖАРАН ИЗДЕЛДИ

Бүгүн, 4-июлда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаранды издөө иштерине саат 07:35те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 20 куткаруучу чыккан.

Тагыраагы, ушул жылдын 12-июнунда Бишкектин Свердлов районунда Лебединовка айылынын 50 жаштагы Х.Ш. аттуу тургуну каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бир нече күн катары менен изделген.

Бүгүн да Бишкектин аймагына кирген Чоң Чүй каналынын жээктеринен жана суудан издөө жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу