Жаңылыктар

11.06.2024 11:12

   Кароолор: 113

ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНАН 23 ЖАШТАГЫ ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 10- июнь күнү, Бишкек шаарынын Свердлов районунда Ж.Абдрахманов көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде суу жээгинен 2001-жылы туулган М.М. аттуу кыздын жеке буюмдары табылгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Ошол эле күнү ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, суучул тартылып, кечки саат 19:00гө чейин издөө иши жүргөн. Тилекке каршы жыйынтык болгон эмес.

Бүгүн, 11-июнь күнү аталган жаранды издөөгө 5 куткаруучу чыкты. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу