Жаңылыктар
30.08.2024 15:55
Кароолор: 309
ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНАН 15 ЖАШТАГЫ ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Бүгүн, 30-август күнү Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы жаранды издөөгө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу, Талас шаардык №17 ӨКБдан 5 куткаруучу жалпы 10 куткаруучу 2 кайык менен чыгышкан.
Чоң Чүй каналынан жарандар белгисиз адамдын сөөгү агып баратканын көрүп, куткаруучуларга маалымат берген. Куткаруучулар аталган жарандын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Эске салсак, 23-август күнү Көк-Жар айылында ЧЧКга (быстроток) 2009-ж.т. А.А. аттуу эркек түшүп кеткен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР