Жаңылыктар
26.08.2024 18:52
Кароолор: 298
ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНАН 14 ЖАШТАГЫ БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ
2024-жылдын 23-августунда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Көк-Жар айылынан А.А. аттуу 14 жаштагы бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөө ишине тартылып, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 26-август күнү издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын өздүк курамынан 60 куткаруучу, ИИМден 30 жана туугандары издөө ишине тартылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР