Жаңылыктар

08.03.2025 11:39

   Кароолор: 370

ЧОҢ-АЛАЙДАГЫ САРЫ-ТАШ - КАРА-МЫК УНАА ЖОЛУ КАР КҮРТКҮДӨН ТАЗАЛАНЫП АЧЫЛДЫ

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш — Кара-Мык унаа жолунун 116-чакырымында бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.

Болжол менен 3 унаа жолдо туруп калган. Жерине тактоо иштерине Чоң-Алай райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, тазалоо иштерин жүргүзүүгө №16 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылган. Техникалардын жардамында унаа жол саат эки тараптуу толук тазаланып, жолдо туруп калган унаалар өз багыттары менен кетишкен.

Жеринде №16 ЖТИнин техникалары нөөмөттө турушат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу