Жаңылыктар

29.07.2024 11:20

   Кароолор: 260

ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНДУК ЖАЛПЫ ДАРЫГЕРЛЕР ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Бүгүн, 29-июль ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан Чоң-Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлерине өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Машыгуунун жүрүшүндө өрт өчүрүүчү унааларды мүмкүн болгон тилсиз жоо чыккан жерге тез жетүүнүн эң кыска, ыңгайлуу жолдору жана мекеменин администрациясынын өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жана өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу