Жаңылыктар
05.03.2025 15:20
Кароолор: 292
ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНДУК ЖАЛПЫ ДАРЫГЕРЛЕР ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА САБАКТАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан Чоң-Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлерине өрт коопсуздугу боюнча сабактар өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө өрт чыккан учурда өрт коопсуздук эрежелерин туура сактоо жана жарандарга эвакуациялоо боюнча лекция окулду.
Ошондой эле алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарды туура колдонууну жана куткаруу кызматы тарабынан алгачкы медициналык жардамды практика түрүндө көрсөтүштү. Жалпысынан иш-чарага 32 кызматкер катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР