Жаңылыктар

08.12.2023 20:22

   Кароолор: 2132

ЧОЛПОН-АТАДА ЗАМАНБАП ӨРТКӨ КАРШЫ-КУТКАРУУ БӨЛҮГҮ АЧЫЛДЫ

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн салтанатуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев, Кореянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вондже, KOICAнын өлкө боюнча директору Ли Джонгсу, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү А. Соловьева жана өрт өчүрүүчү куткаруучулар катышты.

1968-жылы курулуп, эскилиги жеткен ӨККБнын ордуна бардык шарты бар жаңы имарат бир жыл ичинде курулуп бүткөн. Эки кабаттан турган өрткө каршы-куткаруу (ӨККБ) бөлүк өлкөгө алынган жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын жакшы шартта сакталышына ылайыкталып, зарыл болгон бардык талаптар эске алынган. Имараттын ичинде куткаруучулардын ыкчам иштөөсү үчүн компьютердик жабдуулар, эс алууга ыңгайлуу керебет, матрацтар, ашкана, жуунучу жай, атүгүл өмүр сакчыларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатып, ден-соолугун чыңдоого ылайыкталган спорт залы да бар. Ошондой эле жаңы авариялык-куткаруу унаасы атайы шаймандары менен алынган.

Белгилей кетсек, Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен мындай өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн курулушу, дагы Ош, Бишкек шаарында жана Сузакта жүрүүдө. Жалпы 4 заманбап ӨККБнын имаратын куруу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана “KOICA” - Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы кызматташуусунун алкагында ишке ашып отурат.

Мындан сырткары ушул жылдын март айында Сеул жана Пусан шаарына Кыргызстандын өрт өчүрүүчүлөрү барып, Корея өлкөсүнүн өркө каршы кызматынын иши менен таанышып,тажрыйбаларын жогорулатып келишкен.

Салатанаттуу ачылыш аземде Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев: “Канчалаган адамдардын өмүрүн алып, тоо-токойлорду күлгө айландырган дүйнө жүзүндөгү ири өрт кырсыктарынан Кыргызстан да айланып өтө албастыгын өрт өчүрүүчү куткаруучулардын күжүрмөндүгүн, техникалык мүмкүнчүлүгүн сиздер менен биримдикте бекемдөөгө дагы бир ирет коңгуроо какты. Кызматташуунун алкагында өрт-куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу боюнча жалпы суммасы 8 млн АКШ долларды түзгөн гранттык долбоордун баштапкы этаптарын ийгиликтүү ишке ашырдык. Биздин кызматташуу мындан ары да жогорку деңгээлде улана берерине терең ишенем” -, деп билдирди.

Ал эми Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ өз сөзүндө: “1992-жылдан тарта Кыргызстан менен Кореянын ортосунда түзүлгөн дипломатиялык кызматташуу жана достук мамиле эки өлкөнүн ар тармактарда кызматташуусун кеңейтти. Мындан ары да Корея өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө даяр деп”-, баса белгилеп кызматкерлерге ийгилик каалады.

Салтанаттуу ачылыш аземдин соңунда жаңы салынган өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн короосуна бекем достуктун жана тыгыз кызматташуунун символу катары көчөттөр отургузулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу