Жаңылыктар

21.09.2023 09:00

   Кароолор: 381

Чолпон-Атада селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Бүгүн ӨКМдин Ысык-Көл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматынын кызматкерлери менен бирге Чолпон-Ата шаарында кыяндын кесепеттерин жоюу иштерин улантышты.

Белгилей кетсек, кечээ нөшөрлөгөн катуу жамгырдан кийин кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган. Учурда сел сууларды тазалоо максатында КР ӨКМден 25 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 25 кызматкер, жергиликтүү бийликтен жана тургундардан 35 адам жалпысынан 85 адам тартылды.

Чоң көлөмдөгү оор жумуштарды аткарууга 8 техника жана 1 мотопомпа жеринде иштеп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу