Жаңылыктар

13.08.2024 18:07

   Кароолор: 730

ЧОЛПОН-АТАДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ЖУМУШУ ЭРТЕҢ УЛАНАТ

Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюуда бүгүн ӨКМдин 155 куткаруучусу, Чолпон-Ата шаардык мэриясынан 60 кызматкер, Жарандык коргонуу кызматтарынан 27 адам, жергиликтүү тургундардан 26 жалпы 268 адам иш алып барды.

Белгилей кетсек, селдин кесепеттерин жоюуда Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормоновдун жетекчилигинде жарандык коргонуу кызматтары жигердүү иш алып барууда.

Ошондой эле жерине 4 экскаватор, 3 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 КаМАЗ, 5 хово, 2 авариялык куткаруу унаасы 2 мотопомпа, 2 өрт өчүрүүчү унаа жалпы 21 техника тартылган.

Аткарылган жумуштардын натыйжасында "Рух Ордо" маданий борборунун сел суусу кирген аянтынын 40%, Чолпон-Ата шаарындагы 10 турак үй, Бактуу-Долоноту айылындагы 15 турак үйдүн короо жайы сел калдыктарынан тазаланды. 1 көпүрө жана 1 км жакын ички чарбалык жол калыбына келтирилди.

Аймакта селдин кесепеттерин жоюу иши эртең да уланат. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу