Жаңылыктар

11.02.2025 08:03

   Кароолор: 527

ЧОЛПОН-АТАДА ЧЕБЕРКАНАДА ЧЫККАН ӨРТТҮ 2 БӨЛҮМ ӨЧҮРДҮ

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:02де Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:22де кошумча 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 07:45те толук өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 70 чарчы метрди түзгөн чеберкана (мастерской), укалоо салону, үй эмеректери, төшөктөр, матрастар, 2 газ плита, 1 телевизор, 1 автомат кир жуугуч машина күйгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок, тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу