Жаңылыктар

06.08.2024 11:57

   Кароолор: 926

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА СУУЧУЛДАР ИШИ БОЮНЧА XI ЭЛ АРАЛЫК ТРЕНИНГИ РАСМИЙ АЧЫЛДЫ

Кечээ, 5-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунда Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун суучулдарын окутуу машыгуусу расмий ачылды.

Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ЭЖКУга мүчө-мамлекеттерден келген суучулдарды Суучулдар иши боюнча XI эл аралык окуу тренингинин расмий ачылышы менен куттуктады.

Ал ар жылы Эл аралык жарандык коргонуу уюмунан келген тоо куткаруучулары өлкөнүн бийик тоолорунда машыгып, ал эми суучулдары Ысык-Көлдө техникалык жумуштарды аткаруу жана сууда куткаруу тренингинен өтөрүнө кеңири токтолду. Окутуу тренинги көлгө чумкуу, суу түбүндөгү техникалык жумуштарды аткаруу тажрыйбасы менен айкалышарын айтып өттү.

Тренингге катышуу үчүн ЭЖКУга мүчө 11 мамлекеттен – Иордания, Казакстан, Ливан, Малазия, Мали, Палестина, Россия, Сербия, Тунис, Сауд Арабиядан суучулдар келишти.

Эл аралык тренингдин максаты – квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, ЭЖКУга мүчө-мамлекеттердин куткаруу кызматтарынын ортосунда байланыш аянтчасын түзүү.

12 күндүк окуу программасынын алкагында сууга түшүү иштерин аткарууда коопсуздукту камсыздоо, сууга түшүү жабдууларын эффективдүү колдонуу, ошондой эле 30 метр тереңдикке чейин сууга чумкуу пландаштырылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу