Жаңылыктар
04.06.2024 18:53
Кароолор: 419
ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА СЕЛ СУУЛАРЫ АГУУЧУ КАНАЛДЫН КУРУЛУШУ АЯКТАДЫ
Учурда Ысык -Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү сел, суулардын каптоо коркунунчунан коргоо максатында курулуп жаткан каналдын курулуш иштери толук аяктады.
Каналдын узундугу 212 метрди түзүп анын 147 метри Япония өлкөсүнүн колдоосунун жана БУУнун Өнүктүрүү фондунун жардамы менен, ал эми 65 метри "Кызыл Ай" коому тарабынан каржыланып, жалпы канал “Г-150” түрүндөгү бетон плиталары менен жасалды.
Ошондой эле курулуш Бактуу-Долоноту айылынын Жүдөмүш-1 селди алып кетүүчү каналынын 414 метри жасалып, "Г-120" бетон плитасы коюлууда.
Белгилей кетсек, курулуш иштери ӨКМ жетекчилиги демилгелеп, Ысык-Көл району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү "Кызыл Ай" коому, БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоор менен иш алып барууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР