Жаңылыктар

13.08.2024 14:58

   Кароолор: 237

ЧОЛПОН АТА: СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТЫ МИНИСТР КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу жумуштарын жеринде жеке көзөмөлүнө алууда.

Чолпон-Ата шаарында акыркы 3 күндүн ичинде эле нөшөрлүү жааган жаандан улам 2 жолу сел жүрдү.

Кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак жана Жүдөмүш каналдарынан ашкан. Ошондой эле Бактуу-Долонотуу, Четки-Долонотуу дарыяларынын суусунун көлөмү көтөрүлгөн. Натыйжада эки күн ичинде 70ке жакын турак үйдүн короосуна суу кирип, Рух-Ордо маданий борборун каптаган.

Селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана толук көзөмөлгө алуу максатында министр куткаруучулар менен бирге жеринде иш алып барууда. Аймакта ӨКМдин 155 куткаруучусу, шаар мэриясынын 60 жумушчусу, жарандык коргонуу жана жергиликтуу тургундардан 52 адам, 15 инженердик техника 2 өрт өчүруучу унаа, 2 мотопомпа тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу