Жаңылыктар
24.02.2025 16:17
Кароолор: 897
ЧЕТ ЖЕРДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК КУРСАНТТАРДЫН ИЙГИЛИГИ
Россия федерациясынын Санкт–Петербург шаарында кыргызстандык эки курсант бокс боюнч өткөн турнирде 1-орунду багындырышты. Алсак, 60 кг салмактар арасында Даниел Шергазиев мыкты даярдыкты жана спорттогу чеберчиликти көрсөтүү менен 1-орун ээлесе, 63,5 салмактар арасында Павел Гайваронский атаандашын ишенимдүү түрдө жеңип, 1-орунду багындырган.
«Кубок Содружества» аталышындагы спорттук иш-чара ушул жылдын 20-21-февраль күндөрү өтүп, ал 1977-жылы 27-февралда "Юность" поездиндеги өрттү өчүрүү учурунда каза болгон СССР ИИМинин Ленинград өрт-техникалык окуу жайынын курсанттарынын жаркын элесине арналган.
Мекендештерибиз Даниел жана Павел учурда Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча министрлигинин өрткө каршы мамлекеттик кызматынын Санкт-Петербург университетинде бюджеттик негизде билим алышууда.
Белгилей кетсек, жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы Кыргызстан – Россия Өкмөттөр аралык макулдашуусунун алкагында жыл сайын бюджеттик орундар бөлүнүп, ага ӨКМ тарабынан билимге талпынган талантуу балдар Россиянын жогорку окуу жайларында окуп келишет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР