Жаңылыктар

15.08.2026 16:35

   Кароолор: 156

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТОО КУТКАРУУЧУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК МАШЫГУУНУ ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ

Бүгүн, 15-августта Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө мамлекеттерден келген тоо куткаруучуларынын катышуусунда өткөн XII эл аралык машыгуу жыйынтыкталды.

Машыгуунун жыйынтыктоочу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов катышып, эл аралык машыгууга катышкан чет өлкөлүк куткаруучуларга ийгиликтүү даярдыктан өткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, сертификаттарды тапшырды.

2026-жылдын 4–15-август күндөрү Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайындагы Татыр аскасында, Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында жана Кегети капчыгайындагы Көл-Төр бийик тоолуу көлүнүн аймагында чет өлкөлүк куткаруучулар тоо шартында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, жабыркагандарды коопсуз эвакуациялоо, аскага чыгуу жана түшүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдөн өтүштү.

Машыгууга Россия, Моңголия, Тунис, Иордания, Сауд Арабиясы, Алжир, Судан, Армения, Грузия, Палестина жана Мароккодон келген куткаруучулар катышты.

XII эл аралык машыгуу куткаруу кызматтарынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана тоолуу аймактарда өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга маанилүү салым кошту.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу