Жаңылыктар

20.08.2024 20:06

   Кароолор: 505

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТОО КУТКАРУУЧУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА МАШЫГЫП, ТАЖРЫЙБАСЫН ЖОГОРУЛАТЫШАТ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов 20-августта Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин тоо куткаруучуларын кабыл алды.

Министрдин орун басары алгач чет элдик куткаруучуларды тоолуу Кыргызстанга келиши менен куттуктады. Ал өз сөзүндө ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу борборуна келген чет өлкөлүк куткаруучулар ар жылы жергебиздин бийик тоолорунда тоо кырсыктарынан куткаруу иштерине машыгып, тажрыйба топтоп кетишерине токтолду.

“Эл аралык X машыгуунун алкагында Кыргыз Мамлекетинин бийик тоолоруна жүрүш жасоо менен тоодон жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө үйрөнүп, тажрыйба топтойсуздар. Аскага чыгуу, түшүү жана жабыркаган жарандарды аскадан түшүрүү көндүмдөрүн окутуу эл аралык деңгээлде уюштурулат. Ажайып жергебиздин бийик тоолорунда машыгуу, өз өлкөңүздөрдө ийгилик жаратууга түрткү берет”, - деген полковник Урматбек Шамырканов бийик тоолордо машыгууга старт берди.

Айта кетсек, уюмдун программасынын алкагына 2024-жылдын 19-августунан 31-августуна чейин өтө турган машыгууга Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайына, Татыр аскалуу тоосуна, Ала-Арча капчыгайында, Кегетидеги Көл-Төр бийик тоолуу көлүнө жүрүш жасоо камтылган.

Ошондой эле Кыргыз Мамлекетинде туризмди өнүктүрүүгө салым кошуп, Ысык-Көл дубанындагы Семеновка, Григорьевка капчыгайларында жети мамлекеттен келген куткаруучуларга машыгуу көндүмдөрүн үйрөтүп, кесипкөйлүк деңгээлде тажрыйбасын жогорулатышмакчы.

Бул жолку окутууга Россия, Казакстан, Малайзия, Монголия , Иордания, Египет, Сауд Арабия өлкөлөрүнөн келишкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу