Жаңылыктар
18.08.2023 17:03
Кароолор: 724
Чет өлкөлүк тоо куткаруучулары катышкан Эл аралык IX тренингин жыйынтыктоодон көз ирмемдер
Бүгүн, 18-августта ӨКМдин Борбордук аппаратында Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн тоо куткаруучуларынын тажрыйба алмашуу IX тренинги Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун катышуусу менен жыйынтыкталды.
Салтанаттуу иш -чарада Урматбек Шамырканов тажрыйба алмашуу аянтчасында тоо куткаруучуларынын алган билими, тоодо жаралган өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрүн сактоо, медициналык алгачкы жардамдарды көрсөтүү сыяктуу көндүмдөрдүн өз өлкөсүнө барганда жардамы тиерин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда башталган “Эл аралык тоо куткаруучуларынын IX тренинги” ӨКМдин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаев көзөмөлдөп, аталган борбордун куткаруучулары менен биргеликте тажрыйба алмашуу өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР