Жаңылыктар
19.08.2025 14:53
Кароолор: 250
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТОО КУТКАРУУЧУЛАР “АЛА-АРЧА” КАПЧЫГАЙЫНДА МАШЫГУУДА
Бүгүн чет өлкөлүк куткаруучулар тоо шартында машыгуусунун 4-күнү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборго квалификациясын жогорулатууга келген чет элдиктер “Ала-Арча” мамлекеттик паркында тоо шартында куткаруу көндүмдөрүн жасашмакчы.
Алар кечээ Чүйдүн Татыр жайлоосунда тик аскалуу бетке чыгууну үйрөнүшсө, бүгүн тоодо куткарууга эң керектүү көндүмдөрүн бири – тоо суусунан аркан менен өтүүнү уюштуруу. Тагыраагы, шар суудан көпүрө жасап жабырлануучуну, адамдарды аман алып өтүүнү уюштуруу даярдыгын көрүшүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР