Жаңылыктар
17.08.2023 16:51
Кароолор: 620
Чет өлкөлүк суучул куткаруучулардын X тренингинин жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды
Бүгүн, 17-августта ӨКМге караштуу Суучулдар борбору өткөргөн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн суучул-куткаруучуларынын катышуусунда X эл аралык окутуу, тажрыйба алмашуусу жыйынтыкталды.
Аталган иш-чарада Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов эл аралык деңгээлдеги тажрыйба алмашуунун катышуучуларына ийгилик каалап, кесипкөйлүктү арттырууну жогору баалады.
"Дүйнөдөгү эң чоң тоо көлдөрүнүн бири — Ысык-Көлдө Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн суучул-куткаруучулары 8-августтан 18-августка чейин тажрыйбадан өтүштү. Мындай саамалык эл аралык аренада арышын жайган ӨКМдин уюштуруусу менен онунчу жолу Кыргызстанда өткөрүлүүдө. Тажрыйба алмашуу боюнча окуу тренингинде суучул-куткаруучулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар борборунун адистери менен көлдүн тереңдигинде техникалык жумуштарды аткарууну үйрөнүп, 8,15, 30 метрге түшүп чыктыңыздар. Алган тажрыйбаңыздарга жараша квалификацияны жогорулатуу сертификатына ээ болдуңуздар" - деген Азамат Мамбетов чет элдик суучул-куткаруучуларга ийгилик каалап өттү.
Анын айтымында, бул жолку тажрыйба топтоп, үйрөнгөн иш-аракеттерди өз өлкөсүндө кеңири колдоно алышат.
Азамат Мамбетов Эл аралык X тренингдин катышуучуларына "Жеке суучул китеби" жана алган тажрыйбасына ылайык тренингден өткөндүгү тууралуу сертификаттарын ыйгарды.
Жыйынтыктоочу иш-чарада чет өлкөдөн келген суучул-куткаруучулар өз ойлорун бөлүшүп, кубанычтарын жашырышкан жок. Алардын айтымында, тренинг жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, кыргыз суучулдарынын кесипкөйлүгүн жогору баалашты. Ошондой эле бул тренингдин пайдалуу жактарын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Эскерте кетсек, ЭЖКУга мүчө өлкөдөн Мали, Монголия, Азербайжан, Алжир, Россия, Иордания, Палестина, Казахстан, Египет, Сауд Аравия жана Бахрейнден келген 18 суучул куткаруучу келишти. Бул Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун суучул куткаруучуларын даярдоо тренинги 2012-жылдан бери өтүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР