Жаңылыктар

29.08.2024 15:31

   Кароолор: 1431

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КУТКАРУУЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛОРУНДА МАШЫГЫШУУДА

ЭЖКУга мүчө-мамлекеттердин куткаруучулары Эл аралык X машыгуунун алкагында Кыргыз Мамлекетинин бийик тоолоруна жүрүш жасоо менен тоодон жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө үйрөнүп, тажрыйбадан өтүп жатышат.

Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун куткаруучуларынын коштоосунда аскага чыгуу, түшүү жана жабыркагандарга көндүмдөрү окутулууда.

Окутуунун алкагында машыгууга Чүй облусунун Чуңкурчак, Татыр тоолоруна, Ала-Арча капчыгайына, Кегетидеги Көл-Төр бийик тоолуу көлүнө жүрүш жасап, куткарууга тиешелүү көндүмдөрдү аткарышты.

Буга улай Ысык-Көл дубанындагы Семеновка, Григорьевка капчыгайларында жети мамлекеттен келген куткаруучулар машыгышууда.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов 20-августта Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин тоо куткаруучуларын кабыл алып, Кыргызстандын тоолорунда машыгууга старт берилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу