Жаңылыктар
19.04.2024 19:34
Кароолор: 194
ЧЕТ ЭЛДИК ТОКОЙЧУЛАР «АЛА-АРЧА» УЛУТТУК ПАРКЫНДА КӨЧӨТ ОТУРГУЗУШТУ
«Жашыл мурас» улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында Ассамблеянын 10-сессиясына катышууга чет мамлекеттерден келген улуттук координаторлор, АFOCO уюмунун катышуучулары, токой бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана эксперттери ӨКМге караштуу Токой кызматы менен 18-апрелде «Ала-Арча» улуттук паркында көчөттөрдү тигишти.
Тянь-Шань карагайынын – 40, арча – 30, кайың көчөтү – 30 көчөтү отургузулду.
Токойчулардын башын бириктирген Азиялык токой кызматташтык уюмунун негизги максаты – токойлордун деградациясына жана климаттын өзгөрүшүнө Азиядагы токой чарбасы боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана далилденген технологияларды, саясаттарды, конкреттүү иш-аракеттерге которуу аркылуу туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү.
Белгилей кетсек, 17-апрелде ӨКМдин Токой кызматы Бишкек шаарында АFOCO уюмунун өкүлдөрү жыйналып, токойлорду өнүктүрүүнү ар кандай багыттарын талкуулашкан.
Аталган уюмга 14 өлкө катталган: Бутан, Бруней-Даруссалам, Камбоджа, Кыргызстан, Индонезия, Казакстан, Лаос ПДР, Монголия, Мьянма, Филиппин, Корея Республикасы, Таиланд, Тимор-Лесте, Вьетнам, ошондой эле байкоочу катары Малайзия жана Сингапур.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР