Жаңылыктар
08.08.2026 08:33
Кароолор: 38
ЧЕЛЕК-ТӨР КӨЛҮНӨ КОМПЛЕКСТҮҮ ИНСТРУМЕНТАЛДЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Кыргызгидрометтин, Борбордук Азия университетинин (БАУ) өкүлдөрү жана ArkEdge Space компаниясынын кызматкерлери менен биргеликте Челек-Төр көлүнүн жарылуу коркунучун жана аны менен байланышкан мүмкүн болгон терс кесепеттерди баалоо максатында комплекстүү инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүздү.
Изилдөөнүн жүрүшүндө абадан фотосүрөткө тартуу иштери жүргүзүлүп, термокарсттык процесстердин өнүгүшүнө баа берилди жана мореналык-муздук көлдөрдөн жер алдындагы агым каналдарынын бар-жогу талданды. Ошондой эле көлдөрдө биринчи жолу алардын тереңдигин жана көлөмүн аныктоо максатында батиметриялык өлчөөлөр жүргүзүлдү.
Анык болгондой, Челек-Төр көлдөрдүн жээктерин жана табигый дамбаларын түзүп турган көмүлгөн муздун эришинин эсебинен тез өнүгүп жатат. Комплекстеги эң ири көлдөрдүн бири быйыл эч кандай терс кесепеттерге алып келбестен бошоп кеткен. Экспедициянын негизги милдеттеринин бири көлдүн бошоп кетишине себеп болгон агып чыгуу каналдарын, ошондой эле моренанын тышкы капталындагы суунун жер бетине чыккан издерин аныктоо болду.
Жүргүзүлгөн изилдөө мореналык-муздук көлдөрдүн жарылып кетүү механизмдеринин өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө, ошондой эле алынган маалыматтарды келечектеги божомолдоо материалдарын даярдоодо пайдаланууга мүмкүндүк берет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР