Жаңылыктар

19.09.2023 10:54

   Кароолор: 330

Чек арадагы Каркыра суусунун жээги бекемделүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарда министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан "Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жою" боюнча аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүздү.

Алгач Тоң районунун Көк-Мойнок 1 айылында курууга даярдалып жаткан сел сууларынан коргоого ала турган дамбанын проектиси менен таанышып чыкты. Андан соң Ак-Суу районун Ак-Суу айылынын түндүк тарабында салынып жаткан көпүрөнүн, ошондой эле Түп районундагы Кең-Суу жана Байзак айылдарындагы сел өтүүчү каналдардын курулуш иштерин менен жеринен таанышты.

Иш сапардын алкагында Кыргыз-Казак чек арасындагы Каркыра суусунун жээгинде жүрүп жаткан “Авариялык калыбына келтирүү” иш-мерчеминде жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштерин көрүп чыкты. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында кар ээрип, суунун көлөмүнүн көтөрүлүшүнөн улам Каркыра суусунун Кыргызстан тарабындагы жээгин суу жеп кеткен. Азыркы учурда ӨКМдин техникалары тартылып, суунун бою таштар менен корголууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу