Жаңылыктар
16.02.2025 11:21
Кароолор: 487
ЧАТКАЛДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮ БӨЛҮКЧӨСҮ ЖАҢЫЛАНУУДА
ӨКМдин Чаткал району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №79 ӨК-КБнүн имараты жаңыланууда. Муну менен катар өздүк курамдын иштөөсүнө бардык шарттар түзүлүп, учурда курулуштун дээрлик 90%ы аяктоодо. Алдыңкы айларда пайдаланууга берилүүсү пландалып жатат.
Аталган өрт өчүрүү бөлүкчөсү 6 миңден ашуун калкты жана 12 социалдык объектинин тейлейт.
Ал 1952-жылы курулуп, ошол жылдан тартып Терек-Сай айыл өкмөтүнө кызмат көрсөтүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР