Жаңылыктар

11.10.2023 18:25

   Кароолор: 446

ЧАТКАЛДА ЭКИ КАР КӨЧКҮ СТАНЦИЯСЫ АЧЫЛДЫ

 

11-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда “Чапчыма” кар көчкү жана “Чаткал” метеостанциясы ачылды.

Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Года Хидеки, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева жана КР ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын директору Н. Мурзабеков баш болгон кызматкерлер катьшты.

Жаркыраган жаңы имарат, изилдөө ишине керектүү шаймандар, кызматкерлердин жатып иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн станциялар Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын «Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу потенциалын жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун алкагында Япон өкмөтүнүн каржылоосу менен ачылып отурат.

1930-жылдары курулуп, Советтер союзу тарагандан кийин ишин токтоткон “Чапчыма” жана “Чаткал” станцияларын иштетүү зарылчылыгы көптөн бери көйгөйлүү маселе болуп келген. Анткени Жалал-Абад облусунун Чаткал районун башка жерлер менен байланыштырган Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда күндүн жылышы менен кар көчкү түшүү кооптуулугу дайыма жаралып турат. Андыктан аймактагы унаа каттамынын коопсуздугу үчүн, алдын ала кар көчкү түшүү коркунучун станциялардын жардамы менен аныктоо адам өмүрүн сактоодо, материалдык чыгымдарды азайтуудагы стратегиялык жол болуп саналат.

Станциялар аркылуу реалдуу убакыт режиминде так маалымат алып, калкты кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылууга шар түзүлөт. Мындан сырткары Кыргызстандагы табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча республикалык бирдиктүү маалыматтык системаны түзүүгө болот.

Ал эми салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн Өзгөчө кырдаалдар министри-нин орун басары Эделбек Кулматов Япон Өкмөтүнө жана долбоорду ишке ашырууда көпүрө болуп берген БУУнун Өнүктүрүү программасына терең ыра-азычылык билдирип «Климаттын өзгөрүшүнө байланышкан табигый кырсыктардын алдын алууда бүтүндөй адамзат биргеликте күрөшүү маанилүү”-, деп баса белгиледи.

Ошентип үстүбүздөгү жыл ичинде Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу Кыргызстанда 3 кар көчкү станциясы ишке кирип, алардын жалпы суммасы 1,17 миллион АКШ долларын түздү. Алар Нарын облусундагы “Долон”, Жалал-Абад облусундагы “Чапчыма” жана “Чаткал” кар көчкү станциялары.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу