Жаңылыктар

05.07.2026 15:46

   Кароолор: 15

ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА КУТКАРУУЧУЛАР 36 ЖАРАНДЫ КООПСУЗ ЖАЙГА ӨТКӨРҮШТҮ

2026-жылдын 3-июлунда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суунун деңгээлинин көтөрүлүшү алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган.

Окуя болгон жерге Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен тартылып, ошондой эле 1 жүктөгүч техника ишке киргизилген. Кеч киргендигине байланыштуу көпүрөнү калыбына келтирүү иштери 2026-жылдын 4-июлунда улантылган.

Жүргүзүлгөн куткаруу иштеринин жүрүшүндө куткаруучулар тарабынан асма көпүрө аркылуу жалпы 36 жаран коопсуз аймакка өткөрүлүп, өз багыттары боюнча жөнөп кетишти.

Алардын ичинен 7си Россия Федерациясынын, 1и Казакстан Республикасынын жана 28 зи Кыргыз Республикасынын жарандары болгон.

Ал эми Кыргыз Республикасынын 2 жараны өз унаасы менен суунун деңгээлинин төмөндөшүн күтүп жатышат.

Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. 

Жарандарга жана туристтерге тоолуу аймактарда жана дарыяларга жакын жерлерде өзгөчө этият болуп, коопсуздук эрежелерин так сактоо сунушталат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу