Жаңылыктар
15.05.2025 19:00
Кароолор: 116
Ч.АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ
Бүгүн, 15-май КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык облустун Айтматов районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын жана тиешелүү техникалардын даярдыгы текшерилди.
Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын текшерүүнүн алкагында, селдин жана суу каптоолордун алдын алууга, табигый кырсыктарга каршы турууга, күч- каражаттардын даярдыктары тууралуу текшерүү жана бааланды.
Ага ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги айыл аймак башчылары катышты.
Текшерүү алгач Айтматов районунан ташталган. Анда аймактардагы суу келүүчү жайларды убагында тазалоо, табигый кырсыктарга каршы турууга, ошол учурда кемчиликтер жана жетишкендиктер тууралу маселелерге токтолду. Ошондой эле Айтматов районуна караштуу Чолпонбай, Аманбаев, Шекер айылына барып, жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, буга чейин коопту делген аймактарда, селдин алдын алуу максатында бир катар маселелер колго алынган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР