Жаңылыктар
20.10.2023 17:00
Кароолор: 350
Ч. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК ОРУС ДРАМА ТЕАТРЫНАН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкектеги Мамлекеттик Улуттук орус драма театрында чыккан өрт саат 14:57де чектөөгө алынып, саат 16:42де толугу менен өчүрүлдү.
Маалым болгондой, Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун К.Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан театрдан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүдө ӨКМден жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам тобу, ИИМден 4 экипаж жеринде иштеди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.