Жаңылыктар

20.10.2023 15:58

   Кароолор: 902

Ч. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК ОРУС ДРАМА ТЕАТРЫНАН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрында чыккан өрт саат 14:57де чектөөгө алынды.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун К.Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан орус драм театрынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден саат 13:53төн тарта жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, ИИМден 4 экипаж тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу