Жаңылыктар

29.08.2023 10:39

   Кароолор: 559

Cелден коргоочу дамбалар калыбына келтирилди

СЕЛДЕН КОРГООЧУ ДАМБАЛАР КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ

ӨКМдин алдындагы «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматынын Ош облусттук «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» бөлүмү тарабынан 2023-жылдын оңдоп калыбына келтирүү иш планы каралып, 3 райондун селден коргоочу тосмолорун калыбына келтирүү каралган. 

Пландалган объекттердин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр а/а караштуу Кара-Дөбө айылындагы Талдык-Сай дарыясынын жээгин  коргоочу тосмосу, ондоолуучу участканын жалпы узундугу 150 метр. Аталган коргоочу тосмонун оңдоп, калыбына келтирүү иштери  толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Мындан сырткары Араван районунун Тоо-Моюн айыл аймагына караштуу Төө-Таш участкасындагы селден коргоочу тосмосунан 800 метр аралыгы селден пайда болуп, топтолгон калдыктарын тазалоо иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Ал эми Ноокат районунун Бел айыл аймагына караштуу Жаш айылында толуп калган селкананы механикалык тазалоо иштери учурда кызуу жүрүп жатат.

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу