Жаңылыктар

25.10.2025 09:46

   Кароолор: 10

БЫЙЫЛ ЖААН-ЧАЧЫН АЗ БОЛУП, СЕЛ КЫРСЫКТАРЫ АЗ ЖҮРДҮ... БИРОК ӨРТ КЫРСЫКТАРЫНЫН САНЫ КӨБӨЙДҮ

Узап бара жаткан аптада Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов "Sputnik Кыргызстан" радиосунун "Күн башат" берүүсүндө министрликтин жыл башынан берки ишмердүүлүгү тууралуу маек жарыяланды.

"Быйыл жаан-чачын азырак болуп, сел аз жүрдү. Бирок өрт кырсыктарынын саны көбөйдү. Ошого байланыштуу материалдык чыгым 1,5 миллиард сомдон ашты.

ӨКМде селдин алдын алуу, дамбаларды, селканаларды бекемдөөгө көңүл бурулуп, анализ, изилдөө, мониторинг иштерине басым жасалды. Министрликтин техникалык мүмкүнчүлүктөрү да кеңейип, жаңы технологияларды колдонуп, илимий изилдөөлөр да каралууда", - деген министрдин орун басары өлкө аймагында 12 миңге жакын ар кандай табигый мүнөздөгү кооптуу процесстер бар экенин айтты.

Быйыл тогуз айдын ичинде өлкөдө жалпы 3 286 кырсык катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 15 пайызга көп экендигин Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Ал өз сөзүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар жылы "Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу" боюнча бир айлык жарыяланып, анын жыйынтыгы октябрь айында чыгарыларына, тобокелдиктерди азайтуу фактыларына токтоло кетти. Бул маектен кызыктуу маалыматтарды ала аласыз.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу