Жаңылыктар

14.02.2024 12:34

   Кароолор: 378

БУУнун БИШКЕКТЕГИ КЕҢСЕСИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи май райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан борбор калаада Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде практикалык көндүмдөр менен коштолгон сабак өткөрүлдү.

Машыгууда атайы сценарийдин негизинде имартта өрт чыгып, 130 кызматкер коопсуз жайга эвакуацияланды. Анда

ӨКМдин адистери кырсык учурунда кандай аракеттерди көрүү керек, туура эвакуациялоо жолдору, алгачкы жардам көрсөтүү ж.б. өрт коопсуздук эрежелерин көрсөтүп, түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.

Мындан сырткары кызматкерлерге жер титирөө учурунда өзүн-өзү алып жүрүү ж.б.у.с. өзгөчө кырдаалдар жөнүндө коопсуздук эрежелерин камтыган видео-роликтер көргөзүлдү.

Иш -чарага райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана 1 бирдик өрт өчүрүүчү автоунаасы менен 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу