Жаңылыктар
15.08.2024 11:00
Кароолор: 2463
БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР ВЕДОМСТВОЛОРУНУН РЕГИОНАЛДЫК ФОРУМУ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТҮҮДӨ
Бүгүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жетекчилери баштаган делегаттардын регионалдык форуму Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.
Кезектеги регионалдык форум ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин төрагалыгында Кыргызстанда уюштурулуп, ага Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Чингыс Аринов, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жарандык коргонуу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, полковник Латифзода Хотамшо Латиф, Өзбекстан Республикасынын ӨК министри, генерал-майор Абдулла Кулдашев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин Туруктуу Координаторунун жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун өкүлдөрү ж.б. катышууда.
Бообек Ажикеев форумду ачып жатып өз сөзүндө климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу соңку мезгилдердеги табигый кырсыктардын кескин өсүшү дүйнө коомчулугун экология жана кырсыктардын алдын алууга багытталган чечкиндүү кадамдарды жасоого убакыт келип жеткенин баса белгиледи. Ал эми бүгүнкү өтүп жаткан форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн башын бириктирип, стратегиялык жактан конкреттүү кадамдарды аныктаган аянтча болуп саналат деп билдирди.
Жыйында климаттын өзгөрүшү, өзгөчө кырдаалдарга туруштук берүү жана алдын алуу, табигый кубулуштарга мониторинг, божомолдоо жүргүзүү дегеле, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана ошондой эле гуманитардык жардамдар тууралуу талкуулашат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР