Жаңылыктар

24.04.2026 20:47

   Кароолор: 120

БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ ЖАШЫЛ ТОСМОЛОРДУН БИРДИКТҮҮ СИСТЕМАСЫН ТҮЗҮШӨТ

Астана шаарында өтүп жаткан “Аймактык экологиялык саммит – 2026” эл аралык жыйындын алкагында 23-апрелде "Борбор Азиянын жашыл калканы: коргонуучу токой тилкелеринин жана жашыл тоскоолдуктардын аймактык системасы (2026-2035)" аталышындагы панелдик сессия өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов катышты.

Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар Борбор Азияда жердин деградациясы, чөлгө айлануу жана трансчек аралык чаңдуу бороон-чапкындарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу куралы катары аймактык коргоочу токой тилкелерин жана жашыл тосмолорду түзүү маселелерин талкуулашты. Демилгени ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир катышуучу мамлекет токой отургузуу үчүн артыкчылыктуу аймактарды аныктайт, алар чогуу жашыл тосмолордун бирдиктүү аймактык системасын түзөт. Катышуучу Борбор Азия өлкөлөрү – Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан, эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырат.

Панелдик сессиянын жыйынтыгында 2026–2035-жылдарга кызматташуунун негизги багыттарын бекиткен «Борбордук Азиянын жашыл калканы» резолюциясына кол коюшту. Документ аймактык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, жаратылыш ресурстарын башкаруунун туруктуу практикасын киргизүүнү, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча чараларды күчөтүүнү карайт.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу