Жаңылыктар
20.01.2025 10:32
Кароолор: 589
БОРБОРДОГУ ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ, 4 АДАМ ТҮТҮНГӨ УУЛАНГАН
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт саат 10:06да толугу менен өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен төрт адам түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык кызмат көрсөтүлдү. Учурда жарандардын абалы туруктуу. Ошондой эле болжол менен дүкөндүн 300 чарчы метр аянты күйүп кетти.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, өздөрүнүн ыкчам аракеттерин көрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР