Жаңылыктар

01.10.2023 09:44

   Кароолор: 296

Борбор калаанын "Мыкты куткаруучу" командасы аныкталды

Мектеп окуучуларынан түзүлгөн командалар арасында өтүп келген "Жаш куткаруучу" таймашынын шаардык баскычы жыйынтыкталды.

Анда буга чейин өткөн райондук мелдештен алыдыңкы орунду ээлеген 4 команда мелдешке катышышты. Жобого ылайык 12-17 жашка чейинки окуучулардан түзүлгөн командалар саламдашуу жана саптык даярдык, өрт эстафетасы, алгачкы жардам көрсөтүү, команданын капитанына суроо-жооп боюнча күч сынашты.

Мелдештин соңунда 1-орунду Бишкек шаарындагы N11 мектеп, 2-орунду N57 мектеп, 3-орунду N54 жалпы билим берүүчү орто мектебинин командалары ээледи.

Ал эми жеңишке жетишкендерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 4-октябрь күнү эски аянтта өтүүчү салтанаттуу иш-чарада грамота жана баалуу белектер тапшырылат.

Белгилей кетсек, келечек муунду мекенди сүйүүгө, патриоттуулука жана куткаруучулук кесипке үндөгөн "Жаш куткаруучу" мелдеши 5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жыл сайын республика боюнча өткөрүлүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу