Жаңылыктар

06.03.2025 18:43

   Кароолор: 79

БОРБОР КАЛААДАГЫ УРОЛОГИЯ ИЛИМИЙ БОРБОРУНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бардык мекемелерде, ооруканаларда өрт коопсуздугун көзөмөлгө алууну күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү талабын койгон.

Ага ылайык, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары бул жолу борбор калаадагы Саламаттык сактоо министрлигинин улуттук госпитал Урология илимий борборунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Сценарий боюнча өрт кырсыгы аталган борбордун 3-кабатынан чыгып, болжол менен 200дөн ашык жаран эвакуациаланды. Ошондой эле өрт кырсыгынан имараттын 4-5- кабатынан чыга албай калган 10 жаран батуттун жана автошатынын жардамында куткарылды.

Жалпы өрт-тактикалык машыгууга 3 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты, куткаруу кызматынын унаасы жана штаб тартылган.

80 куткаруучу катышкан өрт-тактикалык машыгуу тилсиз жоонун алдын алуу жана болтурбоо максатында болуп өттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу