Жаңылыктар
12.11.2024 15:55
Кароолор: 241
БОРБОР КАЛААДАГЫ «АЗИЗ» БАЗАРЫНДА МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы пландын негизинде кезектеги өрт-тактикалык машыгуусун борбор калаадагы «Азиз» базарында өткөрдү.
Сценарийге ылайык, алгач базарда чоң көлөмдөгү өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшүп, 37 куткаруучу катышкан 3 күжүрмөн эсеп, Куткаруу кызматынын 2 унаасы жана ыкчам-нөөмөт кызматы тартылды.
Андан сырткары машыгууга башкармалыктан үгүт-насаат иштерин жүргүзүүчү ЮТОНГ унаасы менен өрттүн алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү.
Өрт өчүрүүдөгү куткаруучулардын ыкчам аракети, күжүрмөн даярдыгы бааланган машыгуунун башкы максаты – эл көп чогулган базарларда өрттүн келип чыгуусун алдын алуу.
Машыгуунун жүрүшүндө базардын өрт өчүрүүчү жана коопсуздук шаймандары, гидранттар, эвакуциялык пландары, иш кагаздары текшерилди.
Эскерте кетсек, мындан 4 жыл мурун бул базардан өрт чыгып, куткаруучулардын ыкчам аракети менен өрттүн жайылып кетүүсүнөн сакталып калган.
Өрт-тактикалык машыгуунун жүрүшүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулу жетектеп, көзөмөлгө алды.
ӨРТ УЧУРУНДА АР БИР МҮНӨТ ТАГДЫР ЧЕЧЕТ
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР