Жаңылыктар
16.04.2024 11:05
Кароолор: 492
БОРБОР КАЛААДА ШТАБДЫК МАШЫГУУЛАР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ӨТҮҮДӨ
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын 2024-жылдын негизги иш-чаралар мерчемине ылайык, 16-апрель күнү Ленин району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан “Жер титирөө” аталышында, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жер титирөөдөн кийин кырсыктын кесепеттерин жоюудагы иш-аракеттерди баалоо боюнча штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун максаты - өзгөчө кырдаал катталган учурда Жарандык коргонуу кызматтарынын, күч-каражаттарынын иш-аракеттерин жүргүзүү, алардын өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо жана куткаруу иш-чараларын жүргүзүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жер титирөө катталган учурда, кыйроодо калып калган жарандарды издеп-куткаруу иштери, көп кабаттуу мекемелерден жарандарды куткаруу ошондой эле өрт өчүрүү ыкмалары практикада көргөзүлдү.
Жеринде жабыркагандарды кабыл алуу, медициналык жардам көрсөтүү пункту уюштурулуп, 3 даана чатыр тигилди.
Аталган райондун өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өткөн мындай штабдык машыгуулар башка райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан да жер-жерлерде өтүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР