Жаңылыктар

29.03.2024 12:01

   Кароолор: 231

БОРБОР КАЛААДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ЖҮРҮҮДӨ

Кечээ, 28-мартта ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Оберон”соода комплексинде өрт-тактикалык сабак өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө өрт өчүрүү бөлүктөрүн өрт болгон жерге жөнөтүүсү, алардын келүү убактысы, өрт өчүрүү жана куткаруу иштерин уюштуруу эрежелери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү.

Иш-чаранын эң башкы максаты өздүк курамдын өрт өчүрүүдө болгон билим денгээлин жогорулатуу, өрт-техникалык каражаттар жана өрткө каршы жабдуулар менен иштөөнүн, өрттүн келип чыгышын алдын алуу, өздүк курамдын өрттөрдү өчүрүүдөгү практикалык билим деңгээлин жакшыртуу болуп саналат.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн даярдыгы менен бирге андагы иштеген жарандар өрт коопсуздук эрежелери боюнча да кеңири маалымат алышты.

Мындан сырткары Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда командалык-штабдык машыгуу өткөрүштү.

Машыгуунун алкагында имараттан кызматкерлер эвакуацияланып, өрт өчүрүү убагында кандай аракеттерди жасоо керектигин практикада көрсөтүп беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу