Жаңылыктар

26.12.2023 17:36

   Кароолор: 881

БОРБОР КАЛААДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов жана Биринчи Май райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери шаар ичинде өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштерин жигердүү улантууда.

Алсак, Шопоков жана Московский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Вкус Востока" кафесинин ишкерлерине,

"Баят", "Сары-Өзөн" базарындагы сатуучуларына, Калыс -Ордо конушунун тургундарына жана Чыгыш автобекетиндеги жарандарга өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат берилди.

Үгүттө иш-чарасынын алкагында кызматкерлер "Ютонг" атайы пропаганда автобусу менен өрттүн алдын алуу темасындагы 422 буклет жана чек листер таратышты.

Максаты – өрттү алдын алуу, өрт кырсыгы жана башка өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өзүн- өзү алып жүрүү, биринчи колдонулуучу шаймандарды туура колдонуунун эрежелерин коомго жайылтуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу