Жаңылыктар
11.10.2024 13:10
Кароолор: 1003
БОРБОР КАЛААДА КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
9-октябрь күнү ордо калаадагы Т. Усубалиев атындагы эски аянтта “5-октябрь Кыргыз Республикасында – кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү” салтанаттуу белгиленди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чарага борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев, ӨКМдин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов, Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов баштаган өздүк курам Жарандык коргонуу кызматтары, жогорку окуу жайдын студенттери, мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты.
Кырсыктын алдын алууга жана коопсуздук эрежелерин калкка жеткирүүнү максат кылган иш-чара жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлдү. Тагырагы өлкө боюнча мектеп окуучуларынын арасында алгач райондук, облустук соңунда республикалык деңгээлде “Жаш куткаруучу” конкурсу уюштурулган. Мындан сырткары атайы табигый жана техногендик кырсыктардагы коопсуздук эрежелерин камтыган практикалык машыгуулар, жөө жүрүштөр өткөрүлдү.
Ал эми аянттагы иш-чарада аталган бир айлык шаардык деңгээлде жыйынтыкталды. Ага ылайык салтанаттуу иш-чара жөө жүрүш менен башталып, өрт, жол кырсыгы жана 54 метрлик автошатынын жардамы менен көп кабаттуу үйдөн адамды куткаруу иштери көрсөтүлдү. Мындан сырткары “Жаш куткаруучу” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Алсак 3-орунду Свердлов районунун №11 жалпы билим берүү орто мектеби, 2-орунду Ленин райондук №25 жалпы билим берүү орто мектеби, 1-орунду Октябрь райондук №91 мектеп-гимназиясынын командасы ээледи.
Жеңишке жетишкен мектеп окуучуларынан турган командаларга Бишкек шаардык башкармалык тарабынан баалуу белектер, грамоталар тапшырылды. Ага катар Бишкек шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын алдыңкы кызматкерлери ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чара ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын өздүк курамынын жана жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрүнүн параддык атайы унааларынын автожүрүшү ошондой эле эстрада ырчыларынын концерттик программасы менен коштолду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР